7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудагы дарыгерлерге министрлик жооп берди

571

Буга чейин Ош шаарына караштуу Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамааты Саламаттык сактоо министри Гүлнара Маришовнанын ишмердүүлүгүнө карата нааразычылыгын билдирип биздин редакциябызга кайрылган. 

Министрликтен Саламаттык сактоо уюмдарынын иштеп жаткан структураларын оптималдаштыруу жана кайра уюштуруу процесси жөнүндө маалымат берилди.

«Кыргыз Республикасы бардык деңгээлдеги заманбап ооруканалардын жана ҮМБлардын жоктугунан жана колдонуудагы инфраструктураны кармоонун кымбаттыгынан улам олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. Учурда республика боюнча 120 (анын ичинде 60 ЖДПБ) саламаттыкты сактоо уюму стационардык медициналык жардам көрсөтөт жана 77 (17 өз алдынча жана 60 ЖДПБнын курамындагы ҮМБ) амбулатордук медициналык жардам көрсөтөт. Саламаттык сактоо инфраструктурасынын 16 пайызы гана стандарттарга жана талаптарга жооп берет, имараттардын дээрлик 80 пайызы инвестицияны, 5 пайызга жакыны түрттүрүп салууну талап кылат.

Аймактык ооруканалардын (мындан ары — АО) жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (мындан ары — ҮМБ) көпчүлүгү жанаша жайгашкан жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын эки түрү тең натыйжалуу иштебейт, анткени көпчүлүк ооруканаларда керебеттердин иштөө көрсөткүчү 85%дан аз, ал эми бир ҮМБ адисине күнүмдүк кайрылуулардын орточо саны сунушталган 20дан аз (11ден 14кө чейин). Аймактык ооруканада да, ҮМБда да медициналык жабдууларга олуттуу муктаждык бар, ал эми 2 мекемеде бирдей жабдуулардын болушу кайталоо жана лабораториялык-диагностикалык жабдуулардын толук пайдаланылбаганына алып келүүдө.

2021-жылы, тилекке каршы, алдын ала даярдыксыз, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен калктын санын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, мындай структуралардын иштеп кетиши жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн эсепке албастан, 32 ҮМБны жана 36 райондук жана райондор аралык деңгээлдеги Ааймактык ооруканалар бириктирилип, 29дун ордуна, 61 ЖДПБ түзүлгөн.

Бирок, мындай структураларды түзүү даярдоо чаралары менен жүзөгө ашырылышы керек болчу:
— милдеттерди эске алуу менен саламаттык сактоо уюмдарын тандоо жана оңдоо/реконструкциялоо/модернизациялоо;
— жабдуулардын бекитилген стандарттык тизмесине ылайык медициналык жабдууларды алмаштыруу жана модернизациялоо;
— кайрадан түзүлүп жаткан бардык ЖДПБларда тез медициналык жардам (ТМЖ) көрсөтүү бөлүмдөрүн түзүү, аларга ҮМБнын базасындагы тез жардам бөлүмдөрүн/пункттарын бириктирүү. ТМЖ кызматынын уюштуруу түзүмүн аймактык ооруканаларга бириктирип, каржылоо моделин жана аткарган иши үчүн акы төлөө схемаларын илгерилетүү механизмдерин кайра карап чыгуу керек болчу.

Саламаттык сактоо координаторлорунун маалыматы боюнча, бириккен ЖДПБларынын негизги көйгөйлүү маселелери болуп төмөнкүлөр саналат:
— бириктирилгенден кийин медициналык жабдууларды сатып алуу, негизинен стационарлар үчүн жүргүзүлүп жана ооруканадагы бейтаптардын тамактануусу жакшырган, бирок буга БМСЖнын каражаттары сарпталууда.
— кайра түзүлгөн ЖДПБларда стационарлардагы кадр жетишсиздигин, өзгөчө дежурант катары БМСЖ адистери менен жабуу фактылары болууда. Бул стационардык кызматтын өзгөчөлүгүнөн улам медициналык кызматтарды сапатсыз көрсөтүүгө алып келиши мүмкүн.
— стоматологиялык поликлиникаларды бириктирүүдө ыңгайсыздыктардын жаралуусу, анткени аларды камсыздоого БМСЖнын каражаттары пайдаланылат.
— райондор аралык ооруларды алдын-алуу жана санэпид көзөмөл борборлорунун санынын кыскарышы жана бириктирилиши калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү координациялоодо жана жеткиликтүүлүгүнө кыйынчылыктарды жаратууда (лабораториялык камсыздоо боюнча).
— 200-350 миң адамды тейлеген ири уюмдардагы жетекчиликти борборлоштуруу ЖДПБнын жетекчисине, бухгалтерияга жана сапат комитетине жүктү көбөйтөт.

Ошол эле учурда, дээрлик бардык жогоруда аталган көйгөйлөр, негизинен, сапаттуу менеджмент жана саламаттык сактоо уюмдарынын айрым жетекчилеринин даяр эместигине байланыштуу.

ММК Фонду жана облустук саламаттыкты сактоо координаторлору тарабынан жаңы уюшулган ЖДПБнын ишин ыкчам талдоодон кийин калктын санын, ҮМБнын ар кайсы аймактарда жайгашышын жана калк үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен кээ бир ЖДПБны ҮМБ жана аймактык ооруканаларга бөлүү, ал эми ҮМБ менен аймактык оорукана чакан райондордо жана бир аймакта жайгашкан учурда ЖДПБ түзүмүн сактоо сунушталды.

Азыркы учурда 8 ЖДПБны, анын ичинде Ош облусунун Кара-Суу ЖДПБсын ажыратып, өзүнчө аймактык оорукана жана ҮМБ түзүү сунушталды. 2023-жылдын жыйынтыгы менен калган ЖДПБлардын (инфраструктураны тартипке келтирүү, башкаруу менеджменти, оорулардын жана өлүмдүн көрсөткүчтөрү, ТМЖ бөлүмдөрүн түзүү менен тез жардамдын өз убагында көрсөтүлүшү, БМСЖ деңгээлине артыкчылык берүү менен каржылоону бөлүштүрүү ж.б.у.с.), ҮМБнын курамындагы стоматологиялык кызматтардын (бардык жетекчилер тез жардам бөлмөлөрүн калтыруу менен аларды чарбалык эсепке өткөрүүнү сунуштайт), ошондой эле райондордогу коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу мониторинг жана талдоо жүргүзүү жана калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн бул структураларды мындан ары жакшыртуу маселелери чечилсин.

Бирок, жаңы түзүлгөн ЖДПБлар 1 жыл гана иштегенин жана мониторинг менен ыкчам талдоонун маалыматтары айрым учурларда карама-каршылыктуу (оң жана терс натыйжалар) болгондугун эске алып, ар тараптуу талкуудан кийин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ЖДПБсын пилоттук негизде бөлүү чечими кабыл алынды (буйрук No ..2023)

2023-жылдын жыйынтыгы менен бириккен ЖДПБлардын (инфраструктураны тартипке келтирүү, башкаруу менеджменти, оорулардын жана өлүмдүн көрсөткүчтөрү, ТМЖ бөлүмдөрүн түзүү менен тез жардамдын өз убагында көрсөтүлүшү, БМСЖ деңгээлине артыкчылык берүү менен каржылоону бөлүштүрүү ж.б.у.с.), ҮМБнын курамындагы стоматологиялык кызматтардын (бардык жетекчилер тез жардам бөлмөлөрүн калтыруу менен аларды чарбалык эсепке өткөрүүнү сунуштайт), ошондой эле райондордогу коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу мониторинг жана талдоо жүргүзүү жана калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн бул структураларды мындан ары жакшыртуу маселелери чечилсин»,- дешти министрликтен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572