7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ооруканадан арткан сөөккө муктаж болуп… Министрдин аукциону өтпөй күтүп жатабы…?»

899

Ош шаарына караштуу Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамааты Саламаттык сактоо министри Гүлнара Маришовнанын ишмердүүлүгүнө карата нааразычылыгын билдирип биздин редакциябызга кайрылышты.

Текстти өзгөртүүсүз, толугу менен сунуштайбыз. 

«2002-жылы реформалоодо Саламаттык сактоо тармагында Манас улуттук программасынын биринчи баскычы ишке ашып, госпиталдык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү кызматы деп саламаттык сактоо тармагы экиге бөлүндү. Бул кызматтарды экиге бөлүүсүнүн себеби эмнеде болду?

1993-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын 80% оорукананы каржылоого жумшалып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү кызматы экинчи планга жылдырылып калган. Мисалы, тез жардам кызматына бөлүнүүчү күйүүчү майлоочу каражаттар, концелярдык товарлар, дары дармектер, компьютердик техника менен камсыз кылуу. Техникалык кызматтар, электрик, сантехниктин кызматтары ооруканада жалгыздан эле. Маселе жаралса 1 ай күтүү керек…

Урматтуу министр айым Гүлнара Маришовна. 2002-жылы Кара-Суу районунда саламаттык сактоо тармагы экиге бөлүнгөндө, андагы башкы врач Каныбек Муратов бул туура эмес жол, бөлүнүүгө болбойт, улаштыруу принциби жоголот дегенде поликлиниканын башчысы болуп иштеген Гүлнара Маришовна Кара-Суу районунун акими А. Закировго, ФОМСка, министрликке арызданып жатып ЦСМди бөлүп алууга жетишкен. Кара-Суу ЦСМде 100дөн ашуун обьект 27 ГСВ, 76 ФАП, 3 кеңеш берүү дарт аныктоо бөлүмдөрү, 6 тез жардам бекети бөлүнүп, каржылоо, камсыз кылуу, оңдоп түзөө иштери жеринде, убагында чечилип турган.

2021-жылы Алымкадыр Бейшеналиев реформа кыла коем деп саламаттыкты сактоо тармагын Моисейдин чөлүнө алып барып таштады. ЦСМ, ТБ, балдар ооруканасы, тиш эмканасы бириктирилип каржылоо булактарын бириктирип эбегейсиз сумманы көргөн ЦОВПнын директорлору иштөө принциптеринен тайып кетишти.

Кара-Суу ЦОВПнын биринчи директору Г. Муратова 500 млн каржылоону көрүп, оорукана, ГСВ, ФАПтардын материалдык техникалык базасын чыңдоонун ордуна акча чогултуп, депутаттыка аттанды. Экинчи директор Д. Бегматова ал дагы материалдык техникалык базаны чыңдоонун ордуна 50 млн сомго имарат салам деп бир да ГСВ, ФАП, оорукананы ремонттон өткөргөн жок. Анын ордуна бир ФАПка 1 банка краска, 2 шетка берип сырдатып койду. Мисалы, 2020-жылы ковид-19 инфекциясы башталгандан бери бир да ФАПта, ГСВда капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлбөдү. ГСВлар, КДОлор, ФАПтарда компьютердик техника менен камсыз болгон жок. ГСВларда кайрылган бейтаптарды тейлөөлөрдө кезек күтмөй.

«Өлбө жаным өлбө, өлбөгөн жанга жаз келет» деп, первичкада өзү иштеп жетилген Гүлнара Маришовна эмнеге ЦСМдердин бөлүнүп иштешине каршы чыгып жатат? Же аукциону жакшы өтпөй күтүп жатабы? Же ооруканадан арткан сөөккө муктаж болуп өз көйгөйүн чече албай мунжу болуп олтурушуна сиз кызыктарсызбы? Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү мекемелерине өзүнчө эркиндик берип, иштөөсүнө шарт түзүп, жоопкерчилик менен мамиле жасалмайынча өнүгүү болбойт. Эл көзүнө жыйын өткөрүп, штаб уюштуруп, жетекчилерди алмаштыруу менен маселе чечилбейт. Саламаттык сактоо тармагын алгачкы жана стационардык кылып бөлмөйүнчө, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү кызматынын ишинин сапаты жакшырбайт. Же туура эмесби урматтуу министр айым?!»,- деп берилген дарыгерлер тобунун кайрылуусунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

900