Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты камакка алынды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.
Буга чейин, 3-март күнү Сокулук районунун Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 жаңы конушунда аталган конуштагы Ш.М. аттуу жарандын үйүн сүрдүрүү боюнча жергиликтүү жашоочулардын чогулушу болуп өткөн.
Аталган чогулушка Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунун “Е,Ж” кварталынын квартальныйы болуп иштеген 1985-жылы туулган К.Т. аттуу жаран келип, коомдук жайда жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин жана коомдук тартипти одоно бузуп, жарандарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, алардын тынчтыгын бузган.
Натыйжада чогулган элдер эки жаатка бөлүнүп, алардын ортосунда жанжал чыгып коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан эки тараптуу мушташ алдын алынып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен нааразы болгон элдер тарап кетишкен.
Ошол эле учурда, элди экиге бөлүп, коомдук тартипти одоно бузуп, эл арасында уруш чыгарган Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты менен жаран Сокулук РИИБне жеткизилип, ага протокол түзүлүп Сокулук райондук сотуна жеткизилген.
Сокулук райондук соту тарабынан аталган депутатга 5 суткага камакка алуу түрүндөгү чечими чыгарылган.