Жол кырсыгынын кесепетинен миңдеген адамдар майып болуп, жүздөгөн өмүрлөр кыйылат. Анын негизги себептери – мас абалында унаа башкаруу, жогорку ылдамдыкта айдоо жана каршы тилкеге чыгуу сыяктуу эреже бузуулар.
Мына ушуга байланыштуу 8-марттан тарта жаңы эрежелер киргизилип жатат. Мас абалында унаа башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Өтө жогорку ылдамдыкта айдап, унаанын номерин атайын жаап, жашырып алып, каршы тилкеге чыгып, адам өмүрүнө коркунуч жараткан эреже бузуулар 3 жолу кайталанса, айдоочу кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
Толук кабары жоктор, “3 жолу жол эрежесин бузуп койсо эле экзаменге жиберет турбайбы”-деп чочулап жатышат. Оор эмес, катардагы эреже бузуп алуулар кайра экзамен тапшырууга жатпайт.
Эгерде өзүңдүн жана башкалардын өмүрүнө кайдыгер болуп, ичип алып, же кутуруп жогорку ылдамдык менен айдайм десең – өмүр менен кош айтышасың, же айдоочулук укугуңдан ажырайсың.