7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкекбашкыархитектура» мекемесине кылмыш иши козголду

635

УКМК билдиргендей, муниципалдык жерлерди мыйзамсыз тартып алуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

Маалыматка ылайык, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургадыгы үчүн кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган. Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.

6-мартта аталган жарандар кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636