Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир катар кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган КРнын жараны К.О.С. кармалды.
Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жеке турак-жай курууга айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган.
Жогорудагы кызмат адамдарынын жана жарандардын жашаган жеринде жана иштеген жеринде тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Сузак районунун аймагындагы жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документтер табылып алынган.
Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.