Бүгүн, 7-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек тогуз кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, жерине ыкчам түрдө төрт куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти.
Алдын ала маалымат боюнча, аталган адамдын абалы туруктуу.