Чүй облусунун көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана стационардык пункттарында эки оор жүк ташуучу унааны солярка менен кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чалдыбар айылындагы жеке үйлөрдүн биринде эч кандай коопсуздук нормаларын сактабастан күйүүчү-майлоочу майларды Казакстандан чакан партиялар менен алып чогултуп, кийин андан ары сатуу үчүн түштүк аймактарга оор жүк ташуучу унаалар менен жөнөтүлүп жатканы аныкталган.
Катталган материалдардын негизинде, 3-мартта “Сосновка” стационардык постунда 2 “DAF” автоцистернасы кармалган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында пломбалардын бүтүндүгүн бузуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларга жасалма коштоочу документтерди колдонуу фактылары аныкталган. Бул унаалар айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, мөөр басылды.
Учурда “Чалдовар-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жайгашкан көзөмөлдөө кызматтарынын (МСК жана ЧК) тиешелүү кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.