Аламүдүн районунда үй ээси уурулук кылган кылмышкерди кармап алган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-март күнү белгисиз жаран Аламүдүн районуна караштуу Ак-Жар жаңы конушунун үйлөрүнүн бирине, эч ким жоктугунан пайдаланып үйдүн кулпусун сындырып, ичине кирип, үй окаттарын чачып жаткан жеринен үйдүн ээси К.Т. тарабынан кармалган. Качып кетпесин деп бакка байлап, милиция кызматкерлери келгенде өткөзүп берген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин («Уурдоо») негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал мурун сот жообуна тартылган 1990-жылы туулган М.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Текшерүү учурунда аталган жаран Аламүдүн районунда болгон бир нече уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталып, тергөө иштери улантылууда.