7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров министрге жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

296

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды. Мамлекет башчыга министрликтин учурдагы иштери жана кезектеги жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берилди.

Аскарбек Жаныбековдун отчету боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен агро өнөр жай тармагындагы дүң продукциянын өсүшү 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга ашык болду.

Дыйкандарга сертификацияланган үрөндөрдү таратуу жана аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча жетиштүү иштер аткарылган.

Күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы топтолуп, дыйкандарга арзандатылган баада сатылууда. Лизингге берилчү айыл чарба техникасынын санынын көбөйүшү күтүлүүдө. Сугат каналдарын тазалоо жана оңдоо боюнча ирригациялык иштер башталды, анын эсебинен нымдын королушун азайтуу жана ошого жараша сугат талааларын сугаруунун көлөмүн көбөйтүү пландаштырылууда.

Деградацияга учураган тоолуу жайыттарды калыбына келтирүү боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар белгиленген. Мындан тышкары, Жер жана Суу кодекстерин жаңы редакцияларын иштеп чыгуу активдүү жүрүп жатат.

Айыл чарба министри ошондой эле ата мекендик агропродукциясын экспорттоо көлөмү көбөйүп, тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жакшырганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана калкты жеткиликтүү продукция менен камсыздоодо агро өнөр жай комплексинин ролу чоң экенин белгиледи, ошого байланыштуу аны өнүктүрүүгө мамлекет чоң жардам көрсөтүп жатат.

Мамлекет башчысы жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү жана мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, буга байланыштуу дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү даректүү насыялар менен өз убагында камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Президент Садыр Жапаров насыялар дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө дайындуу жетиши, ошол эле учурда акча каражаттарын башка максаттарга берүү сыяктуу коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтып, министрге жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

297