7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султанбай Айжигитовдун ордуна Табылды Муратбеков депутат болуп келди

374

Борбордук шайлоо комиссиясы Муратбеков Табылды Муратбековичке Жогорку Кеңештин мандатын тапшырды.

БШКдан билдиришкендей, тиешелүү чечим 5-июндагы комиссиянын жыйынында кабыл алынып, депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылган.

Табылды Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2020-2021-жылдары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан соң Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси болуп иштеген.

Табылды Муратбеков мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. Алар экөө тең «Ыйман нуру» партиясынан.

Эске салсак, ушул жылдын 28-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан.

375