7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат

483

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөтүүдө пайдаланылуучу усулдардын принциптери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


«Мамлекет тарабынан тилибизди мындан ары карай өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Бардыгы кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестти тапшырышат. Жакынкы учурдан бери катардагы жарандар үчүн да тил билүү деңгээлин аныктоосу үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Азырынча тест акы төлөө негизинде өткөрүлөт, мында тилди күчтөп окутуу тууралуу сөз жок, ошол эле учурда тест тапшырган адам өзүнүн тилди билүү деңгээлин аныктай алат», — деди вице-премьер-министр.


Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик тилди билүүгө карай сынамык тесттен өттү жана аны ийгиликтүү тапшырды.


Белгилесек, мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу сынамык тест лексика-грамматикалык нормаларды тажрыйба жүзүндө колдонуусун, угуп жана окулган текстти түшүнө билүүсүн, ошондой эле жазуу жана оозеки түрдө өз ой-пикирин билдирүү деңгээлин аныктайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484