7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева Ысык-Көлдөгү бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

151

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Ал Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасынын жаңыланган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Пандемия согушка барабар. Тарыхыбызда «кара июль» катары калган окуялар эсибизден чыга элек. Биздин медициналык кызматкерлер алдыда туруп, ар бир бейтаптын өмүрү үчүн алышып жатты. Ал үчүн таазим этем. Мурдагы катачылыктарды эске алуу менен Өкмөт коронавирус инфекциясына каршы күрөштө медициналык кызматкерлерге колдоо көрсөтүү, медициналык мекемелерди куруу жана жабдуу боюнча тийиштүү чараларды иштеп чыгууда»,- деди ал.

Белгилесек, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1986-жылы курулган. Республикалык бюджеттен мекемени оңдоо үчүн 22 млн сом бөлүнгөн. Бөлүм тийиштүү инвентарлар, медициналык жабдуулар менен жабдылган. Вице-премьер-министр Кара-Ой айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы мекемесинин ачылыш салтанатына катышып, «Алтын Балалык» балдардын ден-соолугун чыңдоочу борборуна барды, анда жайкысын коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн медициналык көмөк көрсөтүүчү күндүзгү стационар иш алып барган. Жумушчу сапардын жүрүшүндө вице-премьер министр облустун медициналык мекемелеринин жетекчилеринин, медициналык кызматкерлеринин жана жаш ординаторлорунун катышуусундагы кеңешме өткөрдү. Жолугушууга 70 ашуун врач жана ординаторлор катышты, алардын бир катары Өкмөттүн Ымык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары жана алкыш баракчалары менен сыйланды. Саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелердин жыйындысы жана аймактагы эпидемиологиялык абал талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

152