Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нарту Абдурахманов Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 97 кг чейинки салмакта катышып, алгач 1/4 финалдык беттеште ирандык балбанды жеңген. Жарым финалда казакстандык балбанды утса, ал эми финалдык беттеште түркиялык балбанды жеңип, алтын медалга ээ болду.
Мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. 3-сентябрда башталган чемпионат 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.