Окуучуларды китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат керектелет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
«Орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек болсо, бир китептин баасы орто эсеп менен 300-350 сомду түзсө, анда 1 447 717 окуучуга 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат»,- дешти.
Белгилей кетсек, быйыл былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп китеп басылып чыкты.