7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сургутта өрттөн 2 кыргызстандык өспүрүм каза болду

586

Орусиянын Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, эки кыргыз бала каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 11-мартта эртең менен Сургут шаарындагы турак үйлөрдүн бири күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүдө 2015 жана 2012-жылы туулган эркек бала менен кыздын сөөгү табылган.

Өспүрүмдөрдүн өлүмү боюнча факты Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 109-беренеси («Эки же андан көп адамды кокустуктан өлүмгө алып келүү») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Орус басылмалардын маалыматында өрттөнүп кеткен үйдө Кыргыз өлкөсүнөн келген бир үй-бүлө жашаганы айтылат. Болжолдуу өрт чыккан учурда балдар катуу уктап жатышкан жана жытты сезишкен эмес. Алар үйдү темир меш жана бир нече жылыткычтар менен жылытышчу.

Белгилүү болгондой, үйдө балдардан тышкары дагы эки аял жашаган. Апасы балдарын чоң энесине таштап, иштегени кеткен. Учурда чоң энеси дайынсыз болууда.

 

587