7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сутка ичинде 264 жарандан коронавирус илдети аныкталды

294

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 264 жарандан аныкталды. Муну менен өлкөдө оорудан жабыркагандардын жалпы саны 78 миң 679га жетти. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада вирус аныкталган бейтаптар төмөнкү аймактардан.

Бишкек шаары — 76;
Ош шаары — 21;
Чүй облусу – 67;
Ош облусу — 14;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 14;
Ысык-Көл облусу – 44;
Жалал-Абад облусу – 20;
Баткен облусу — 4.

Ал эми акыркы суткада ооруну 395 бейтап жеңип чыкты.

Бишкек шаары – 125;
Ош шаары – 22;
Чүй облусу – 114;
Ош облусу – 16;
Талас облусу – 13;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 40;
Жалал-Абад облусу – 28;
Баткен облусу – 32.

Республика боюнча коронавирус илдетинен жалпы 72 миң 51 бейтап айыкты.

Өлкөнүн медициналык жайларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы үчөө каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун экөө Баткен облусунда, бирөө Ош облусунда катталды.

Муну менен республика боюнча оорудан көз жумгандардын саны жалпы 1 миң 324 болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

295