Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 318 жарандан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары — 126;
Ош шаары — 4;
Чүй облусу – 79;
Ош облусу — 6;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 12;
Ысык-Көл облусу – 46;
Жалал-Абад облусу – 25;
Баткен облусу — 16.
Өлкө боюнча жабыркагандардын саны жалпы 77 миң 674 болду.
Ал эми акыркы сутка ичинде 258 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 96;
Ош шаары – 29;
Чүй облусу – 56;
Ош облусу – 24;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 18;
Баткен облусу – 15.
Бул менен жалпы өлкөдө илдетти жеңгендердин саны жалпы 70 миң 450гө жетти.
Ал эми соңку сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен каза болгондордун саны дагы 5ке өстү. Каза болгондор төмөнкү аймактардан катталган
Бишкек шаары – 1;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 2.
Муну менен коронавирус инфекциясы өлкөдө жалпы 1 миң 312 жарандын өмүрүн алды.