Сууга чөгүп кеткен 2 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2019-жылы туулган бала Талас дарыясына чөгүп кеткен.
«13-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 41 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 40 адам тартылган. Натыйжа болбогондуктан издөө иштери саат 20:50дө убактылуу токтотулган. 14-апрель күнү издөө иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.