7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суусундук саткан жайда газ баллон жарылып, бир кыз каза болду

480

Жалал-Абад шаарында суусундук саткан жайда газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери мекеменин соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Кырсык бүгүн, 13-июлда, эртең менен саат 10дор чамасында болгон.
«Эртең менен Тез жардам кызматына шаардын борборунда газ баллон жарылды, даяр тургула деген чалуу түштү. Беш мүнөттөн кийин эле бейтаптар түшө баштады. Биринчи 20-25 жаштагы азиат улутундагы кыздын сөөгү келди. Анын артынан кырсык болгон жерге жакын жайгашкан банктын күзөтчүсүн алып келишти. Күзөтчүнүн мээси чайкалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми кыздын сөөгүн моргго өткөрүп бердик», — деди Икрам Вариванов.
Ооруканага күзөтчүдөн тышкары дагы үч адам түшкөн.
481