7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору кармалды

731

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору А.Б.Т. окуу жайларды текшерүү жана ревизия жүргүзүү шылтоосу менен жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринен системалуу түрдө акча каражатын чогултуу менен алектенип келген.

Анын иштеген жана жашаган дареги боюнча тинтүү жүргүзүлүп, акча каражаты табылды.

Ал 10-июлда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралар улантылууда.

732