Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-аштан ууланууга шектелип 70тей жаран ооруканага кайрылды. Бул тууралуу 7-каналдын аймактык кабарчысы Бүбүсара Орозалиева жеринен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сузак жалпы дарыгерлик практика борборунун Бек-Абаддагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө жарандар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган. Учурда ооруканада 13 бейтап жаткырылды. Алардын 4ү жаш балдар, арасында кош бойлуу аял да бар.
Бейтаптардын айтымында алар жылкы этинен ууланышы мүмкүн. Маалым болгондой 10-октябрда Сузак районунун Бек-Абад айылында сүннөт той өткөн. Анда жылкы союлуп, эти ашка, шорпого кошулган. Аны ичкендердин басымдуусу ооруканага кайрылып жатат.