7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтияттын алдында «Хадижа» аталышындагы айымдар клубу түзүлөт

554

Бүгүн, 12- октябрда мусулмандардын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев айымдардын жамаатын кабыл алып, “Хадижа” айымдардын клубу туурасында пикир алышты. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, сабактарды уюштуруп, аларды терс диний агымдардан оолак кылуу, үй-бүлө институтун бекемдөө, зордук-зомбулуктарды болтурбоо, балдарды туура тарбиялап, аларды билимдүү кылып өстүрүү, айымдардын билим алуусуна шарт түзүп берүү жана алардын суроолоруна өз учурунда жооп берүү үчүн клуб түзүлүп жатат.

“Чынында эле, азыркы аялзатына тиешелүү көптөгөн суроолор бар. Алар жеке жана тиричилик суроолорунан баштап, глобалдык көйгөйлөргө чейин. Андыктан биз башыбызды бириктирип, ушул “Хадижа” клубунда иштеп берсек, айымдардын көйгөйлөрүн чечет деген ишеничтемин”,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов учурда бул жаатта атайын программалар иштелип жаткандыгын айтып, атайын айымдарга жана үй-бүлө маселесине тишелеүү бир катар темалар даярдалып жаткандыгын билдирди.

“Биз алдыбызга максат коюп, айымдар үчүн эмне маанилүү деген суроо койдук. Хадижа клубу аялзаты үчүн: билим алууга шарт түшүү менен кошо, анда билим берүүчү лекциялар, намаз окуунун пайдаларын үйрөнүү, Куран окуу, акыйда жана фыкх боюнча курстар, мастер-класстар, сырткы келбетти жана ден соолукту сактоо боюнча адистер тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошол эле учурда илимдүү окутуучулар билим беришет”,-деди Равшан ажы Эратов.

Ал эми айымдардын жамааты аялзаты үчүн руханий жана психологиялык колдоо керектигин айтышып, сунуш-пикирлерин калтырышты.

“Исламдагы аял темасын көтөрүп, алардын үйдөгү жана коомдогу кызматы, кадыр -баркы, статусу боюнча дагы баяндамаларды жасоо керек. Ислам жана аялдардын стили, диний салттарды жана заманбап тренддерди сырткы келбетинде кантип айкалыштыруу керек, үй -бүлөлүк мамилелер, балдарды азыркы реалдуулуктун шартында тарбиялоо, кыйынчылыктарга туруштук берүү методдору боюнча иш алып барсак”,-деген пикирлер айтылды.

Эскерте кетсек, мындан ары аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы башкы мечитте айымдар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде лекциялар окулуп, суроо-жооптор уюштурулмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555