7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 1,3 жашар кыздын бетин кутурма ит тиштеп алган. Окуянын чоо-жайы

3802

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жолбун ит 1,3 жашар кызга асылып, бетин тиштеп алган. Бул тууралуу апасы Гулиза Жолдошова «7tv.kg» сайтына кат жолдоду.

Анын айтымында, 8-апрель саат 3-4төр чамасында жаңы курулуш иштерин жүргүзүүгө барган жубайлар үй иштери менен алектенип жүрүшкөндө эшикте ойноп жүргөн 1,3 кызын кутурма ит тиштеп алган.

Ал дароо аймактык ооруканага барган, бирок ал жактан эч кандай жардам ала алган эмес.

«8-апрелде саат 3-4ттөр чамасында менин 1,3 жашар кызымды ит тиштеп, Фельдшердик-акушердик пунктка (ФАП) алып бардым. Ал жердеги врачтар карабай коюшту. Бирөөсү ичип алыптыр. Жада калса биринчи жардам көрсөткөн жок. Ошол боюнча алар бизден кабар да алышкан жок. «Ит тиштесе тиштептир да, бар үйүңө бара бер дешти. Мен аларды укпай шаардык ооуканага келдим. Ал жактагылар кызымдын көзүнөн кан агып турса да, жакшы карабай коюшту. Реанимациядан чыгып 15 күн ооруканада жаттык. Андан кийин, биз кызымды тиштеген ит кутурма экенин билдик. Ошондон бери үнүм эч кимге жетпей жатат. Иттин ээсин да таппай жатабыз”, — дейт ал.

Наристени тиштеген итти өлтүрүп, жерге көмүп коюшкан. Бирок Гүлиза Жолдошева алар башка итти өлтүрүп эле көмүп коюшту деп күмөн саноодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3803