7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 100-200 миң сомдук асыл тукум кочкорлорду уурдагандар кармалды

523

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда асыл тукум кочкорлорду уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Расмий маалыматка ылайык, райондук милицияга 7 жарандан арыз түшкөн. Алар 20-сентябрдан 18-октябрга чейинки аралыкта үйлөрүнүн короосунан 15 баш койду белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Алардын арасында базар баасы 100 миң жана 200 миң сом болгон асыл тукум кочкорлор да болгон. Натыйжада жабырлануучулар 650 миӊ сомго жакын чыгымга учурушкан.

Бул фактылар Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары 2003-жылы туулган А.С., А.А., 2004-жылы туулган З.Н. жана Жалал-Абад шаарынын тургуну 2005-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган койлордун ичинен асыл тукум кочкорлор менен кошо бешөө табылып, өз ээлерине кайтарылып берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524