Бишкек мэриясы «Ожак кебаб» түрк кафесинин жеңил конструкция менен тургузулган курулушун буздуруп жатат. Ал Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Буздуруу иши вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында болуп жатат.
Мэрия курулуш мыйзамсыз тургузулганын билдирди. Свердлов райондук прокуратурасынын чечими менен муниципалдык жерди колдонуу келишими жокко чыгарылды.