Бишкек шаарындагы гипермаркеттердин биринде, кассадан 45 миң 838 сом акча каражатын уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-октябрда Октябрь РИИБге А.А. аттуу жаран ушул жылдын 14-октябрында саат 16:20 чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү гипермаркеттердин биринде, кассадан 45 миң 838 сом суммадагы акча каражатын жашыруун түрүндө уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголду. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган Н.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2 айга камакка алынды.