Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жолго кум-туз аралашмасын себүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызавтожолдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
“Жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз”, — деп берилет маалыматта.