АКШнын Луизиана штатында тумандан улам 158 унаанын катышуусунда массалык кырсык болду. Кырсык Жаңы Орлеан шаарына жакын жердеги көпүрөдө болгон.
Унаалардын бири көпүрөдөн дарыяга учуп кеткен, бирок айдоочу унаадан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Дагы бир нече унаа күйүп кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 7 адам каза болуп, 20дан ашууну жаракат алган.