7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев кайрымдуулук фонддордон 2% салыкты алып салууну сунуштады

354

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайирбек Ташиев кайрымдуулук фонддордон үстөк пайызды алып салууну сунуштады.

“Өлкөбүзгө Араб Эмираттыгынан, Кувейттен инвесторлор келип, кайрымдуулук кылып жатышат. Бизге жардам ирээтинде бала бакча, мектеп, мечит жана көпүрөлөрдү куруп берүүдө. Алар бизге кайрымдуулук кылып, акчасын берип жатса, ошондон дагы 2%дык үстөк пайыз алынып жатыптыр. Мисалы, алар кайрымдуулукка 100 сом алып келип жатса, сен бизге 102 сом бер деп сураганыбыз туура болобу? Ушул кайрымдуулук фонддордон 2%ды алып эле койсок. Ошону өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болобу же болбойбу?” – деди депутат Шайирбек Ташиев.

Ошондой эле, ал “Биз мүмкүнчүлүк түзүп берели. Алар бизге кайрымдуулук кылып жатса, үстөк пайыз каражат алганыбыз болбой калат” – деп кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

355