Сузакта 11 жаштагы өспүрүм мал кайтарып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али ушул жылдын 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Белгилери: Бою 130-140 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү джемпер, жашыл-ала түстөгү камуфляж шым, бутунда кызыл түстөгү кроссовки болгон.
«Дайынсыз болуп жаткан Малаасман-оглы Али тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел.: 102, (03722) 7 39 90, 0771 93 60 70, 0553 78 00 78″,- деп берилет маалыматта.