7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 13 жаштагы кыздын бутун чөп чапкыч кесип кеткен

872

Сузакта 13 жаштагы кыздын бутун жүгөрү терип жатканда чөп чапкыч кесип кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 23-август күнү саат 19:30 чамасында болгон. Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын талаасында 13 жаштагы кыз ата-энеси менен жүгөрү терип жаткан учурда, ошол жерде иштеп жаткан трактор косилкасы менен кокусунан байкабай калып, кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен.

Бул окуя Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» болуп катталып текшерүү иштери башталган.  Бул окуя боюнча кыздын атасы эч кимге арыз доосу жоктугун бидирип соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

873