Сузакта 13 жаштагы кыздын бутун жүгөрү терип жатканда чөп чапкыч кесип кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 23-август күнү саат 19:30 чамасында болгон. Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын талаасында 13 жаштагы кыз ата-энеси менен жүгөрү терип жаткан учурда, ошол жерде иштеп жаткан трактор косилкасы менен кокусунан байкабай калып, кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен.
Бул окуя Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» болуп катталып текшерүү иштери башталган. Бул окуя боюнча кыздын атасы эч кимге арыз доосу жоктугун бидирип соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.