7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 15 жашар кызды өгөй атасы 2 жылдан ашык убакыт зордуктап келген

181

Сузакта 15 жаштагы өспүрүм 43 жаштагы өгөй атасы тарабынан зордукталып келген. Ал бул маалыматты сурак учурунда да таксыктаган.

Жабырлануучунун айтымында, 2024-жылдын күз айларында кыздын апасы чет өлкөгө эмгек мигранты болуп иштеп кетип, 3 кызын (зомбулукка кабылган кызы мурунку турмушунан, калган экөө азыркы күйөөсүнөн) жолдошуна таштап кеткен. Бир канча убакыттан кийин кыздарын Чүй облусунда жашаган өкүл апасына жөнөткөн. Кыз эки бир тууганы менен Ысык-Ата районунда убактылуу жашап, билим алып жаткан.

2025-жылдын апрель айында кыздарды атасына жөнөтөрдө өспүрүм ыйлап, болгон окуяны аларды карап жаткан аялга айтып, Сузакка баруудан баш тартат. Аял бул окуяны жергиликтүү милицияга билдирген. Милиция өспүрүмдү суракка алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Учурда жыйынтыгы чыга элек.

Кыз убактылуу балдар борборуна жайгаштырылып, жанында апасы жок болгондуктан, социалдык кызматкерлердин камкордугуна алынды.

Сузак РИИБ кыздын өгөй атасы кармалып,  «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдады. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин зордуктоого кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

182