Быйыл «Жети-Өгүз» курорту, «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионаты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Жетекчилерге эң оболу мыйзамдуулукту так сактоонун маанисин баса белгилейм. Бүгүнкү күндө мыйзам бузуу — жеке гана эмес, жакындарыңдын да тагдырына терс таасир этүүчү олуттуу маселе болуп калды. Бир эле чечим бүтүндөй бир тагдырды өзгөртүп салышы мүмкүн. Бул жоопкерчиликти ар бир жетекчи сезиши керек.
Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, коррупцияны жоюунун эң натыйжалуу жолу — санариптик башкаруу. Адамдык факторду азайтуу менен мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коё алабыз. Санариптик башкаруу — таза, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү иштөөнүн негизги куралы. Буюрса, бул мекемелерге да ушул системаны акырындык менен киргизип жатабыз», — деп жазды ал.
Ал белгилегендей, быйыл аталган мекемелер жаңыланып, заманбап шартта кайрадан элге жеткиликтүү болот.
Мурун Профсоюздар федерациясынын карамагында болгон бул жайлар каралбай, жараксыз абалда калган. Азыр аларга экинчи өмүр берилип, мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу башкаруу киргизилди.
Айрым мекемелерде кызматкерлердин айлык маянасы 70%га чейин жогорулады.