7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта мыйзамсыз диний билим берүүчү борбордун ишине бөгөт коюлду

563

Сузак районунун аймагында мыйзамсыз диний билим берүүчү борбордун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.

 Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында, КРнын Мыйзамынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» 8, 10 беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган.

Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын аялдар билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, КРнын 142 кодексинин 1-бөлүгү “Укук бузуулар жөнүндө” беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564