7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа иш-чарага келген 29 баланы коюп кетти

813

Кырсык бүгүн түшкө маал болгон. Алдын ала маалымат боюнча, унаада балмуздак сатылып жаткан. Ал кокусунан жылып кетип, балдарды басып калган.

Саламаттык сактоо министрлиги кырсыкта 9-16 жаштагы балдар жабыркаганын билдирди.

Учурда ооруканага 18 бала жаткырылып, алардын жетөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн (алардын ичинен үчөө оор абалда). Калган 11 жеткинчекке жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Министрлик окуя Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.

 

Булак: Спутник

814