7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта Porter балдарды коюп кеткен учур видеого түшүп калган

516

Жалал-Абаддын Сузак районунда Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы 29 баланы сүзүп кетти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 2-майда Жерге-Тал айылында уюштурулган маданий иш-чара учурунда болгон.

Алдан ала маалымат боюнча, окуучулар «Манас» айтып жатканда, дөңгө токтотулган Porter жүрүп кетип, балдарды сүзгөн. Унаанын ичинде айдоочу болгон эмес.

Саламаттык сактоо министрлиги кырсыкта 9-16 жаштагы балдар жабыркаганын билдирди.

Учурда 18 бала ооруканага жаткырылган, калган 11 окуучуга жеринде жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Ооруканадагы 18 баланын жетөө реанимацияда жатат, алардын үчөөнүн абалы оор. Дагы сегизөөнүн абалы орто оор»,-деп берилет маалыматта.


 

517