7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта тургундан опузалап 29 баш коюн тоноп алган шектүү кармалды

502

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургунун опузалап коркутуп 29 баш коюн тоноп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 25-июль күнү Сузак районунун Орто-Азия айылынын тургуну С.Ж. арыз менен кайрылып, анда Сузак районунун Благовещенка айылында жайгашкан мал базарында өзүнө сырттан тааныш болгон «Таке» аттуу бала эч бир себепсиз ачык айкын 29 баш козу кочкорлорун коркутуп тартып алган.

Жалпы 300 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, «Таке» аттуу жаран кылмыштуу чөйрөнүн активдүү мүчөсү, 1994-жылы туулган Сузак районунун тургуну А.Т.С. экендиги жана анын жашаган дареги аныкталган.

Тергөөгө келбей изин жашырып жүргөн шектүү Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, 12-майда Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Учурда анын баш коргоо чарасын кароо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503