Жалал-Абаддын тургунун опузалап акча талап кылган шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад шаарынын 49 жаштагы тургуну облустук милицияга арыз менен кайрылган.
Анда 2022-жылдын 31-март түнкү саат 03:00 чамасында анын үйүнө бейтааныш беш бала кирип, “биз общактанбыз” деп коркутуп, «Ноутбук» жана «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.
Ошондой эле өзүн машинага салып талаага алып барып уруп, 50 000 (элүү миң) сом акча опузалап талап кылып, кайра үйүнө таштап кетишкендигин билдирип, кылмышкерлерди таап аларга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты 1-апрель күнү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 6-апрель күнү Сузак районунун тургуну 1997-жылы туулган Ш.М. шектүү катары кармалып, соттун санкциясынын негизинде баш коргоо чарасы 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалып УКИге киргизилген.
Шектүүнүн кылмыштуу шериктеринин бири аныкталып, ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда соттолгон, Жалал-Абад шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Р.Э. экендиги такталган.
Ал Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бүгүн шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.