7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Чолпон-Атадагы реконструкцияланып жаткан таза суу долбоору менен таанышты

795

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында аткарылып жаткан таза суу системасын жаңылоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Шаардагы “Суу-Канал” ишканасы Европа реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү банкынын “Чолпон-Ата шаарындагы суу түтүктѳр системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында курулуш иштерин алып барууда.

Жалпысынан долбоорго 5,1 млн евро эсебинде каражат каралган. Долбоорду аткаруунун алгачкы этабында Чолпон-Ата шаарындагы муниципалдык “Суу-Канал” ишканасынын короосуна кеңсе жана унаа токтоочу имараттар салынып, 5 жаңы техника сатылып алынды. Ошондой эле суу тазалоочу станциянын курулушу жүрүп, 18 км аралыкка жаңы түтүктөр тартылган.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында курула турган Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бактын долбоорун көрдү. Акын А.Осмоновдун үй-музейинин жанындагы муниципалдык жер тилкеге шаар бийлиги жаңы заманбап эс алуу багын курууну пландап жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы Алыкул Осмоновдун үй музейине да баш багып, имарат ичин көздөн кечирип чыкты. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунуну каржылоосунда курулуп жаткан жаңы паркта А.Осмоновдун ыр саптары жайгаштырылып, айкели орнотулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

796