7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта жер сатам деп акчасын алып, качып кеткен 2 киши кармалды

135

Сузакта жер мафиясынын экинчи тобу камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 24-октябрь күнү Сузак РИИБне ошол эле райондун К.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын күз айларында өзүнө сырттан тааныш болгон Ойбек, Улукбек аттуу балдар 5,5 сотых болгон жерин сатуу максатында ооз эки баалашып, 1 000 000 (бир миллион) сом акчасын алып кетип, бүгүнкү күнгө чейин алдап качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштарадын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында Сузак районунун 1969-ж.т. У.Х. жана 1977-ж.т. О.С. аттуу тургундары кармалып, 2025-жылдын 25-октябрь күнү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

136