7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арашан — Чуңкурчак жолун реконструкциялоо иштеринин 85% аяктады

300

Арашан – Чуңкурчак жолунун 2-22-чакырымдар аралыгында кеңейтүү жана жер жумуштары кызуу жүрүп, жер иштери дээрлик 85% аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Мындан тышкары, 46 суу өткөрүүчү түтүктү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери уланууда.

“Жолдун 9-11-чакырымдар аралыгына эки тараптуу асфальт төшөлдү. Башка тилкелерде жолдун негизи катмары жасалып, асфальт төшөө иштерине даярдыктар жүрүп жатат. Жол салуу иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
Арашан–Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Аталган жол тоо лыжа базага жана аймактагы эс алуу жайларга алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан өлкө аймагындагы туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

301