7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы «Эне жана баланы коргоо» борборунун медкызматкерленине ипотекалык батирлер тапшырылды

101

Бүгүн, 20-декабрда Сузактагы Алийма Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борборунун медицина кызматкерлерине ипотекалык батирлер берилди. Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов катышып, ак халатчандарга батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Батирлер 4% чен менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Манас шаарындагы турак-жайларынан берилген. Бул камкордук медицина кызматкерлеринин жашоо шарттарын жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Иш-чаранын алкагында Айбек Маткеримов “Асман Резиденс 1” турак жай комплексиндеги медицина кызматкерлеринин батирлерин көрүп чыгып, шарттары жана түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен жеринде таанышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган борбордон кабар алган. Анда ал медицина кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан батирлерди берүүгө өзгөчө көңүл бурууну, ошондой эле шарттарын максималдуу түрдө ыңгайлаштырууну МИКтин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө тапшырган болчу. Андан сырткары медицина кызматкерлери ар тараптуу колдоого алынары белгилеген.

102