7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы кырсыктан жабыркагандардын саны 35ке жетти

567

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти. Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.

Эске сала кетсек, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Портер унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда унаасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.

 

568