7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы Сузактагы кырсык боюнча үн катты

551

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Сузак районунда катталган кырсык боюнча соцтармактагы баракчасында үн катты.

“Манасты айтабыз… Адегенде эле балдарыбыздын тез сакайып кетишин жан дилибиз менен тилек кылалы. Кабарлап келбеген кырсыка ылаажы жок экен. Жеткен маалыматтарга ылайык, балдарыбыз аман-эсен, дарыгерлердин дыкат көзөмөлүндө жардам алышууда. Жараткан жар болуп, мындан ары ак аралап, арабызга ойноп-күлүп кошулуп кетишсе экен.

Тилекке каршы, кырсык болгондон кийин, сөзсүз түрдө тиешелүү кызмат адамдары менен дыкат териштирүү амалдары өтүп, укуктук жыйынтык чыгыш керек!
Ал эми «Манас айт!» деп балдарын колдон жетелеп, тузуу оор Манастын туу жыгар урпактарын тарбиялап жатышкан ата-энелерине, агай-эжелерине таазим этип, сабырдуулукту тилейли. Белгини жакшыга жоруп, бел байлап, Манасыбызды белестен ылдый түшүрбөйлү!!! Манасыбыз бар элибиз дагы, демибиз дагы бар!” — деп жазылат билдирүүдө.
552