Чолпон-Ата шаарындагы Ибн Сина атындагы балдардын Республикалык реабилитациялык борборунун имаратын куруу иштери жакында аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аталган реабилитациялык борбор үчүн заман талабына жооп берген жана баардык керектүү шарттары бар имарат салынууда. Баарына шарт түзүлүп жатат», — деди ал.