7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы ок атышууга катышкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды

268

2020-жылдын 16-декабрында Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кармалган үч адамга карата, Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМК Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган. Калган эки адам Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.


«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР УКМК тарабынан мурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Э.Мурзахметовдун (чач) жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынды. Кармалган кылмышкерлерге карата, алардын башка бир катар башка мыйзамсыз фактыларга (опузалап талап-тоноо, куралдуу кол салуулар, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик басып алуулар ж.б.) тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө уланууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

269