Сузак районунун тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун (ДЭУ) мүчөлөрүн жана тарапташтарын түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Сузак районунун тургуну Х.А.С. аттуу КР жараны радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди.
Ал 2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон. Тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
Азыркы учурда УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.