Бишкекте бекилип калган батирдин ичинен 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-кичи районунда жайгашкан №48 үйдүн 26-батиринин ичинен 1938-жылы туулган В.А.П. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, сөөктү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.